COLLEGE COUNSELING
Баштапкы консультация
Кыялыңыздагы университетке биринчи кадам — баштапкы консультация. Бүгүн жазылыңыз!
Эл аралык тажрыйбага жана дүйнөнүн алдыңкы университеттерине өтүүдө, эл аралык олимпиадаларда жана сынактарда тастыкталган ийгиликтерге ээ болгон Кыргызстандын алдыңкы билим берүү эксперттери тарабынан негизделген таланттуу жана максаттуу окуучулар үчүн академия.
Биз окуучуларга жогорку эл аралык деңгээлдеги даярдыкты камсыз кылуу үчүн эң күчтүү мугалимдерди, олимпиадалык машыктыруучуларды жана академиялык эксперттерди бириктиребиз.
AB олимпиада академиясы — жөн гана билим берүү борбору эмес.
Биз сандан сапатты жогору коёбуз жана даярдыкты калыс диагностикага, так тартипке, системалуу эмгекке жана жогорку академиялык стандарттарга негиздейбиз.
Окуучулардын академиялык дараметин ачуу жана аларды эл аралык деңгээлдеги жогорку жетишкендиктерге даярдоо.
Улуттук жана эл аралык олимпиадаларга даярдоо, анын ичинде:
• IMO — Эл аралык математикалык олимпиада
• IPhO — Эл аралык физика олимпиадасы
• IChO — Эл аралык химия олимпиадасы
• IOI — Эл аралык информатика олимпиадасы
• IBO — Эл аралык биология олимпиадасы
• IJSO — Жаштардын эл аралык табигый илимдер олимпиадасы
• IOAA — Астрономия жана астрофизика боюнча эл аралык олимпиада
• EGMO — Кыздардын Европа математикалык олимпиадасы
• жана башка абройлуу эл аралык олимпиадалар.
Терең билимге, академиялык көз карандысыздыкка жана жогорку натыйжага басым жасоо менен Cambridge IGCSE/GCSE, AS & A Level жана IB Diploma программаларына даярдоо.
Дүйнөнүн алдыңкы университеттерине өтүү үчүн олимпиадалар, изилдөө долбоорлору, академиялык жетишкендиктер жана маанилүү класстан тышкаркы иш-чаралар (meaningful extracurricular activities) аркылуу күчтүү академиялык профилди жана портфолиону калыптандыруу.
Биздин баалуулуктар
Окутууну тажрыйбалуу олимпиадалык машыктыруучулар жана эл аралык деңгээлдеги эксперттер жүргүзүшөт. Биз терең теорияга, жогорку татаалдыктагы стандарттуу эмес маселелерди чыгарууга жана бекем академиялык тартипке басым жасайбыз.
Биз үзгүлтүксүз текшерүү сынактарын, сыноо олимпиадаларын жана тесттерди өткөрүп турабыз. Бул өсүш динамикасын калыс көзөмөлдөөгө, стресске туруктуулукту өнүктүрүүгө жана окуу жүктөмүн өз убагында жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Окуучу негизги олимпиадаларга жана сынактарга даяр билим базасы, өз күчүнө болгон ишеним жана дүйнөнүн алдыңкы университеттери үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү академиялык портфолио менен катышат.
Биздин философия
Биз окуучуларды жөн гана сынактарга даярдабайбыз.
Биз аларды мыктылыкка даярдайбыз.